- УБ нын отчет-анализи 2020-2021
- Англис тили жумалыгы
- Башталгыч класстардын декадасы
- Орус тили жана адабиятынын жумалык декадасы
- Табигый илимдер бирикмесинин декадасы
- Буйруктар
- Окуучулардын жетишкендиктери
- Сандык сапаттык курамы
- УК протоколу
Бишкек шаарындагы №80 Ш. Назаркулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин илимий-методикалык иштеринин 2021-2022-окуу жылына карата планы.
Методикалык иш – бул билим берүү ишмердүүлүгүнүн негизги түрү, б.а. мектептин администрациясы, мугалимдери, окуу тарбия иштеринин, окутуунун жаңы технологияларын, ыкмаларын туура өздөштүрүүсү аларды сабакта жана класстан тышкаркы иштерде чыгармачылык менен колдонулушу жана тарбиялоо процессин жакшыртууга болгон чыгармачылык иш-аракети.
Методикалык кызматтын миссиясы:
- Мектептин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана илимий – методикалык камсыздоо;
- Мектептин бирдиктүү методикалык ишин калыптандыруу жана ишке ашыруу;
- Мугалимдин предмети боюнча позициясын калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;
- Мектеп мугалимдеринин кесиптик өсүшү үчүн чыгармачылык демилгени стимулдаштыруу системасын түзүү жана колдоо;
- Мектеп мугалимдеринин инновациялык потенциалын ачуу;
Мектептеги методикалык иштер илимдин жетишкендиктерине, алдыңкы педагогикалык тажрыйбага негизделген жана ар бир билим берүү процессинин катышуучуларынын компетенттүүлүгүн, ошондой эле мугалимдердин кесиптик чеберчилигин ар тараптуу жогорулатууга багытталган практикалык иштердин өзгөчө комплекси болуп саналат.
Методикалык иштер биринчи кезекте мугалимдер жамаатынын жалпысынан чыгармачылыгын жогрулатууга жана окуу процессинин эффективдүүлүгүн арттырууга, мектептеги билим сапатын жакшыртуу жана окуучулардын билим деңгээлинин жогорулашына, окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган.
Методикалык кызматтын ишинин мазмуну төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдары, жоболору, инструкциялары, буйруктары.
- Мектептин Уставы, өнүктүрүү планы.
- Методикалык кызматтын илимий деңгээлин жогорулатуучу жаңы психологиялык, педагогикалык жана методикалык изилдөөлөр, технологиялар.
- Методикалык иштердин мазмунун толук ачып берген инновациялар.
- Окуу процессинин абалын, окуучулардын өнүгүү деңгээлин диагностикалоо.
- Методикалык кызматтын алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу жана колдонуу;
- Методикалык кызматта чыгармачылык иштерди өнүктүрүү.
Методикалык иштин негизги принциптери:
- Илимийлүүлүк;
- Системалуулук;
- Актуалдуулук;
Методикалык иштин максаты:
Мугалимдин кесиптик чеберчилигин жана анын жеке маданиятын жогорулатуу жана окуу процессинде жогорку натыйжаларына жетишүү.
Милдеттер:
- Окуу тарбия процессинде компетентүүлүккө багыттап окутуу аркылууокуучулардын билимге кызыгуусун арттыруу;
- Билим берүүнүн сапатын жогрулатуу;
- Мугалимдердин чыгармачылык менен иштөөсүнө шарт түзүү;
- Окууда жетишпеген балдар менен иштөө;
- Чыгармачылык менен эмгектенген мугалимдерди баалоо;
- Мугалимдер таланттуу балдарды конкурстарга, олимпиадаларгадаярдоо, катышуусуна көмөктөшүү;
- Мугалимдердин кесиптик жактан өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө шарт түзүү.
- Мугалимдердин арасында алдыңкы тажрыйба алмашуу ишке ашыруу.
Методикалык иштин негизги аспектилери:
Аналитикалык иш-чаралар:
- мугалимдердин кесиптик жана маалыматтык муктаждыктарына мониторинг жүргүзүү;
- методикалык иштерди анализдөө жана аны жакшыртуу багыттарын ишке ашыруу;
- педагогикалык кадлардын маалыматтар базасын түзүү;
- окуу процессинде методикалык мүнөздөгү кыйынчылыктарды аныктоо;
- окуу тарбия процессинде
Маалыматтык иштер:
- педагогикалык маалымат базасын түзүү;
- педагогикалык жамаатты методикалык адабияттар, окутуунун жаңы технологиялары, жаңылыктары менен тааныштыруу;
- заманбап окуу материалдарынын электрондук китепканасын түзүү;
- пеадгогикалык жамаатты инновациялык алдыңкы тажрыйба менен тааныштыруу.
Консультациялык иш – чаралар:
- методикалык иштердин маселелери боюнча предметтик мугалимдер үчүн консультациялык иштерди уюштуруу;
- мугалимдер, ар кандай сынактардын катышуучулары үчүн консультациялык иштерди, кесиптик чеберчилик, конференцияларды уюштуруу;
- мамлекеттик билим берүүну өнүктүрүү программаларын жайылтуу жана түшүндүрүү;
- мектептин мугалимдер жамаатына билим берүүнүн ар кандай маселелери боюнча кеңеш берүү;
Методикалык иштерди уюштуруу:
- мугалимдерди окуу процессинде методикалык колдоо жана практикалык жардам көрсөтүү;
- мугалимдердин квалификациясын жогорулаууну уюштуруу жана прогноздоо, пландаштыруу;
- мугалимдердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүү, аларга билим берүүнүн алдыңкы жанылыктары боюнча маалымат берүү жана билим бербүү системасыда методикалык жардамды үзгүлтүксүз көрсөтүү;
- мектептин методикалык бирикмелеринин ишин уюштуруу;
- илимий жана практикалык конференцияларды, сынактарды даярдоо жана өткөрүү;
- мектеп окуучуларын илимий конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катыштыруу.
Мектептин усулдук темасы:
“Октуу-тарбиялоодо инновациялык технологияларды колдонуп, окуучуларга сапаттуу билим берип, дүйнө таанымын калыптандыруу”
2020-2021-окуу жылындагы методикалык иш төмөнкү максатка жетүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган:
Максаты:
- билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн педагогикалык курамдын кесиптик компетенттүүлүгүн системалуу өнүктүрүүнү методикалык жактан камсыз кылуу.
Милдеттер:
- окуу предметтери боюнча мамлекеттик стандарттарды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү.
- Ар кандай инновациялык багыттар боюнча усулдук бирикмелердин иш-аракеттерин координациялоо.
- Чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын аныктоо, жалпылоо жана жайылтуу боюнча ишти улантуу.
- Мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруу менен байланышкан билим берүү методикаларын жана технологияларын натыйжалуу колдонуу.
- Коллективдин маданий-агартуу демилгелерин колдоо, изилдөө, долбоорлоо жана инновациялык иш-аракеттерди колдоо.
- Жаңы педагогикалык технологияларды өздөштүрүүдө мугалимдердин методикалык денгээлин жогорулатуу.
- Жаш адистер менен иштөөнү методикалык жактан камыздоону өркүндөтүү.
- Мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн жана методикалык даярдыгынын деңгээлин мониторингдөө жана диагностикалоо тутумун өркүндөтүү.
Методикалык иштин формалары:
- Мектептин методикалык кеңешинин иши;
- Методикалык бирикмелердин иши;
- Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү темалары боюнча иштери;
- Ачык сабактарды, мастер класстарды, тренингдерди өткөрүү;
- Өз ара сабактарга катышуу;
- Алдыңкы мугалимдердин педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу;
- Мугалимдерди даярдоо курстарын уюштуруу жана көзөмөлдөө;
- Мугалимдердин семинарларга жана вебинарларга катышуусу.
Методикалык бирикмелердин иши:
- календарлык-тематикалык пландарды кароо жана бекиттирүү;
- окуучулардын башталгыч класстан ортңку звеного жана жогорку звеного өтүүсүндө окуу процессиндеги үзгүлтүксүздүк жана;
- билимге болгон мотвациясы, таанып – билүү ишмердүүлүгү жогру окуучулар менен иштөө;
- аралык жана жыйынтыктоочу контролду уюштуруу;
- мугалимдердин өз алдынча билим алуу темалары боюнча отчеттору;
- бүтүрүүчүлөрдүн акыркы аттестациясын уюштуруу жана камсыз кылуу
Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттары менен иштөө:
- 1-6, 7-9- класстарда мамлекеттик стандартты ишке ашыруу;
- Иш программаларын жана календарлык –тематикалык пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Мектеп ичинде предметтик олимпиаданы даярдоо жана өткөрүү;
- Башталгыч, орто жана жогорку класстарда долбоордук иш-чараларды уюштуруу;
- Аралык жана жыйынтыктоочу контролдун формалары жана методдору.
2020-2021-окуу жылынын методикалык иштеринин анализинде көрсөтүлгөндөй методикалык иш төмөнкү максатка жетүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Максаты:
Билим берүүнүн жаңы сапатына жетишүү үчүн педагогикалык курамдын кесиптик компетенттүүлүгүн системалууу өнүктүрүүнү методикалык жактан камсыз кылуу.
Багыттары:
- Жаңы билим берүү технологияларын өздөштүрүүдө мугалимдердин педагогигалык чеберчилигин жогорулатуу.
- Чыгармачыл мугалимдердин тажрыйбаларын аныктоо, синтездөө жана жайылтуу.
- Усулдук бирикменин отурумдарын өткөрүү (тегерек стол, чыгармачыл отчёт, ишкердик оюндар, семинарлар)
- “Мугалимдин бир жылдагы педагогигалык ишмердүүлүгүнүн мыкты өзүн-өзү анализдөө” сынагын өткөрүү.
- Окуу жылында методикалык бирикмелердин предметтик жумалыктарын, декадаларды өткөрүүнү пландаштыруу.
- Илимий изилдөө ишин уюштуруу.
2021-2022-окуу жылында усулдук иштер боюнча аткарылуучу иштердин планы
№ | Аткарылуучу иштер | Мөөнөтү | Жооптуу |
1 | Жаны окуу жылына карата даярдык көрүү;
| Август | Мектеп администрациясы, мугалимдер |
2 | Жалпы УБнын чогулушу
| Сентябрь | Усулдук иштер б-ча бирикмелердин жет.
|
3 |
| Октябрь | Кыргыз тили жана орус тили мугалимдери,
|
4 |
| Ноябрь | Мектеп администрациясы. Орус тили муг.,
|
5 |
| декабрь | Мектеп администрациясы,
|
6 |
| Январь | Мектеп администрациясы,
|
7 |
| февраль | Мектеп администрациясы,
|
8 |
| Март | Мектеп администрациясы,
|
9 |
| апрель | Мектеп администрациясы,
|
10 |
| Май | Бирикме жетекчилери,
|
Усулдук бирикме жетекчилери:
- Ысакова Г.Ы. – гуманитар бирикмесинин жетекчиси
- Камзаева Н.М. – социалдык бирикмесинин жетекчиси
- Баялиева А.Б. – табигый илимдер бирикмесинин жетекчиси
- Ботукеева А.С. – баштагыч кыргыз класстардын жетекчиси
- Сатаева К.М. – башталгыч орус класстардын жетекчиси
Адмимнстрация мүчөлөрү:
- Жумалиева Г.А. – ОТИ боюнча директордун орун басары
- Омурзакова М.А. – башталгыч класстардын ОТИ боюнча директордун орун басары
- Чороева Н.К. – ТИ боюнча директордун орун басары
- Камзаева Н.М. – мам.тил боюнча директордун орун басары
- Касимова Г.М. – соц.педагог
- Ботукеева А.С. – психолог
- Тукуева Ж.Ж. – уюштуруу иштери б-ча директордун орун басары
- Кенжегараева С.Р. – усулдук иштер боюнча бирикмелердин жетекчиси