№80 Шералы Назаркулов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби
Ш. Назаркулов атындагы N80 орто мектеби окуу процессин үч баскычтуу билим берүү программасына ылайык жүргүзөт:
- 1 – деӊгээл –башталгыч жалпы билим берүү (нормативдик окуу мөөнөтү 4 жыл) 1-4 класс;
- 2- деӊгээл – негизги жалпы билим берүү (нормативдик окуу мөөнөтү 5 жыл) 5-9 класс;
- 3- деңгээл– орто (толук ) жалпы билим берүү (нормативдик окуу мөөнөтү 2 жыл) 10-11 класс.
Аккредитацияланучу программалардын тизмеси:
- негизги жалпы билим берүү программалары;
- орто жалпы билим берүү программалары.
Мектеп имараты 1988-жылы курулган. 1997-жылдан баштап Ленин районунун №80 жалпы орто билим берүү мектеби болуп эсептелип келе жатат. 2015-жылдан баштап №80 жалпы орто билим берүү мектебине Шералы Назаркуловдун аты ыйгарылган. Проекттик кубаттуулугу – 560 окуучуга ылайыкталган. Окуу планы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу планынын негизинде жүргүзүлөт. Азыркы күндѳ мектепте 870 окуучу билим алууда. Окутуу 2 сменада жүргүзүлѳт. 2021-2022-окуу жылында 36 класс комплектиленип окуп жатат
№80 жалпы орто билим берүү мектебинин миссиясы:
Улуттук салттарды урматтаган, заманбап жана жеткиликтүү билимге ээ болгон, руханий дөөлөткө бай инсанды калыптандыруу
Мектеп жетекчиси: Шукуралиева Салтанат Калыбековна
Мектептин юридикалык күбөлүгү: рег номер 122889-3301-У-е, ОКПО 23229403, ИНН 41010200310121, серия ГПЮ № 0017286
№80 жалпы орто билим берүү мектебинин буга чейинки аккредитациясы жөнүндө маалымат: Сертификат №СС180003822, “Бишкек шаарынын Ленин районунун № 80 Шералы Назаркулов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби мекемеси тиркемеде көрсөтүлгөн программа (программалар) боюнча аккредитациядан өткөндүгүн тастыктайт. Сертификаттын мөөнөтү 09.01.2023-ж. Негизи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 9-январындагы №13/1 буйругу
- Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жал к\р 8
- тел. номерлери: 25-29-61, 25-32-82
- сайты: https://80.edubish.kg
- электрондук почтасы: [email protected]