Социалдык-психологиялык кызмат

Социолог-психологдун кызматы

Психологдун ишмердүүлүгүнүн  жүрүшү

Мектеп психологу: Ботукеева Аида Сатымкуловна

Билими: жогорку: КМПУ И.Арабаева атындагы

Факультет:  Башталгыч билим берүү педагогикасы  жана методикасы.

Байланыш телефону: 0706729999

Электрондук почта: AIDA/BOTUKEEVA@BK/RU

Иштөө мөөнөтү: 9:00-18:30

 

Окуучуларга диагностика жана коррекциялоо иштери

А) Адаптация

Б) Кесипке багыт берүү

В) “Кооптуу топ” менен иштөө

  • Ата-энелер менен иш алып баруу
  • Педагогикалык коллектив менен иш алып баруу
  • Ишеним почтасы менен иш алып баруу.
  • Баарлашуудагы көгөйлөр:
  • конфликттүүлүк,
  • тажаткандык,
  • сүйлөбөгөндүк,
  • лидерствого умтулуу,
  • таарынчактык,
  • өзүн коргой албагандык ж.б.

 

Социалдык педагогунун ишмердүүлүгү

Социалдык педагог: Касимова Гүлназ

Билими: жогорку, КМПУ факультет кыргыз тили жана адабияты

Байланыш телефону: 0700599667

Иштөө мөөнөтү: 9.00-18.30

 

Соц.педагогдун негизги функциялары:

  1. Билим берүүчү-тарбиялык. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  жүрүм-турумуна жана ишине максаттуу педагогикалык таасир берүүнү камсыз кылуу.
  2. Диагностикалык. Балдардын, үй-бүлөнүн, социалдык  чөйрөнүн жекече өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык-тиричиликтик  шарттарына иликтөө жүргүзүү менен “социалдык”диагноз коюу, балага оң жана терс таасирлерди жана ар кандай түрдөгү көйгөйлөрдү  аныктоо.
  3. Уюштуруучулук. Социалдык-педагогикалык жардам берүү, тарбия берүүгө колдоо көрсөтүү маселелердин  чечүүдө, пландарды жана программаларды ишке ашырууну өнүктүрүүдө балдардын жана өспүрүмдөрдүн, педагогдордун  коомдук иштерин уюштуруу.
  4. Божомолдук жана эксперттик. Конкреттүү микросоциумду социалдык жактан өнүктүрүу процессин программалоо, алдын ала божомолдоо, долбоорлоо, социалдык иштер боюнча түрдүү институттардын иштерине катышуу.

Кимдер менен иш алып барат:

 

Социалдык педагогдун иш алып баруусу.

  1. Окуу жылынын башында аткарылуучу иш-чаралардын иш-планын түзүү.
  2. Мектептерде өткөрүлүүчү социалдык-педагогикалык ишмердүүлүктүн нормативдик-укуктук негизи тууралуу маалыматты топтоо жана изилдөө.
  3. Шаардык жана райондук билим берүү башкармалыгынын соц.педагогика маселелери боюнча иштеген адистер менен, райондук милиция бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып барган инспектор менен, кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлери менен байланыш түзүү
  4. №80 Ш.Назаркулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебиниде окуган томолой жетим, жарым жетим, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана башка социалдык категорияларга кирген балдардын далилдөөчү справкаларын топтоо жана алар менен иш алып баруу.
  5. Шаардык жана райондук семинарларга катышуу
  6. Гимназиядапрофилактика кеңешмеси иштейт, кеңешменин  отурумдарына катышуу
  7. Окуу жылына пландаштырылган рейддерди психолог жана ИДН, класс жетекчилер менен бирдикте жүргүзүү.
  8. “Ишеним почтасынын” ишин жандандыруу, ал боюнча иш алып баруу.
  9. Социалдык жардамга жана моралдык колдоого муктаж балдар менен иш алып баруу, учетко алуу, жардам көрсөтүү. Жардамга муктаж балдардын абалын талдоо, жардам көрсөтүү.
  10. Тренингдерди мугалимдерге жана окуучуларга өткөрүү.
  11. Тарбия жана билим борборунда жана кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунда жашаган балдар боюнча терең маалымат алуу, жашоо шарттары менен таанышуу, бул борборлор менен тыгыз байланышта иштөө.
  12. Материалдык жактан начар үй-бүлөлөргө жардам берүү тууралуу мекеме-уюмдарга кат менен кайрылуу жана мектептеги төлөмдөрдөн жеңилдетип берүү.
  13. Бишкек шаарындагы социалдык башкармалыктарынан көрсөтүлүүчү жардамдар жана жеңилдиктер тууралуу маалымат алып, ата-энелерге жеткирүү
  14. Көзөмөлдө турган жана ар кандай көйгөйлөрү бар окуучулардын үйлөрүнө барып, үй-шарттары, үй-бүлөсү менен жакыныраак таанышуу, акты жазуу.