Маалыматтык – китепкана кызматы

Маалыматтык - китепкана кызматы

№80 орто билим берүү мектебинин китепканасынын  2020-2021-окуу жылындагы иш планынан маалымдама

2020-2021-окуу жылында мектеп китепкасы негизги функциялары болгон: маалымат берүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк, маданий, билим берүүчүлүк жаатта онлайн жана 2-жарым жылдыктан баштап офлайн форматтарда иш алып барды. Ал боюнча  окуучуларды дүйнөлүк жана биздин адабияттты сүйүүгө тартуу жана китепти сүйүүгө тарбиялоо максатында ар тараптуу иш-чараларды уюштуруп, китепканада иштөө тарбиясын бере алды. Кошумча окуучулардын жаңы технологиялар менен болгон байланышын күчөтүп, интернет булактарынан маалымат издөөгө багыт берди. Бул максаттарды ишке ашырууда окуучуларды   патриоттуулукка,  атуулдукка, жаратылышты сүйүүгө калыптандырууга; жашоонун сергек мүнөзүн жайылтууга; мамлекеттин адабиятын сыйлоого, сактоого; мекендин тарыхын изилдөөгө кызыгуусун арттырууга; окуучулардын сабаттуулугун көтөрүүгө; компьютердик технологияны окуучулардын практикасында кеңири колдонууга тарбия берүүдө.

  • Окуу китеп фондусунун составын изилдеп жана аны анализдөө  менен  жаңы китептер  менен камсыздоо графиги иштелип чыкты.    Окурмандар үчүн окуу залында баардык шарттар түзүлүп, бирок пандемияга байланыштуу карантиндин айынан белгиленген г убакта аралыктан пайдалана алышты.
  • Китепкана активдери, мугалимдер коллективи жана ата-энелер комитеттери  менен иш жүргүзүлүп китепкананын жаңы мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Китепкана шартка байланыштуу онлайн форматта жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп тапты.
  • Ата-энелер чогулуштарына дагы катышып жалпы китептер жана  китепкана боюнча офлайн маалыматтар берилди.
  • Окурмандар менен бирдикте ар кандай иш аракеттер: абонементтик тейлөө менен окуучулар, мугалимдер, тех. персоналдар, ата-энелердин түзүлгөн картотекалары онлайн форматта жаңыланды.
  • Башталгыч класстын окуучуларына китепканага саякат, шаардык китепканаларга да онлайн форматта саякат уюштурулду. Андан тышкары дүйнөлүк маданий иш-чаралардын, музей, китепканалардын сайттары группаларга ыргытылып, саякаттарга чакырылды.
  • Окуучулардын арасында түзүлгөн парламенттик уюмдун мүчөлөрү менен “Сен сүйгөн китептер жана сунуштар”  боюнча  сурамжылоо анкетасы онлайн форматта белгиленген мөөнөттө өткөрүлүп турду.
  • Октябрь айында Жалил Садыковдун өмүр-чыгармачылыгына арналган презентациялардын конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.
  • Китепканага келген журналдар, энциклопедиялар, китептерди рекламалоо активдүү жүрдү. Аны менен катар китеп сакталуучу жайдагы китеп фонддорун инвентаризациялоо жүрдү.
  • Экинчи жарым жылдыктан баштап, 1-5-9-11-класстын окуучулары офлайн режимде окуп баштагандыктан, китепкананын графиги да салттуу режимге ылайыкталып кайра түзүлдү.
  • Китепканада Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына арналган бурч уюштуруп, презентациялар  откорулду.
  • “Кыргыз символу – Ак калпак” бурчу уюштурулуп, презентация даярдалды.
  • Балдардын кесип тандоого  көмөктөшүү максатында   “Мен сүйгөн кесип” деген темада 9-11-класстарын бүтүрүүчүлөрүнө арналган ачык эшиктер күндөрү китепканада жана   уюштурулду.
  • Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата презентация даярдалып, жана бурч уюштурулду.
  • К.Карасаевдин 120 жылдыгына карата китепканада иш чара өтүлүп, стент
  • буклеттер жасалды.  6-7- класстарга лекция болду.
  • “Улуу Жеңишке – 76 жыл!”  бурч уюштурулду.
  • Китептерди чогултуу, жыл жыйынтыгын чыгаруу май, июнь айларында жүрдү.
  • Арендага келген китептер боюнча класс жетекчилер жана ата-энелер менен иш
  • алып барылды. Март-май айларындагы аткарыла турган иш-пландар өлкөдөгү пандемияга каршы иш-чаралардын негизинде онлайн форматта өттү.

2020-2021-окуу жылындагы китепкана фондусунда:

  1. Окуу китептеринин жалпы саны – 7442
  2. Методикалык колдонмолор – 230
  3. Адабий китептер-910 USAID фондусунан алынган жаңы китептердин саны 150

Маалыматтык - китепкана кызматы Маалыматтык - китепкана кызматы Маалыматтык - китепкана кызматы

Окуучулардын окуу китептери менен камсыз болуусу кыргыз класстар боюнча 88% ал эми орус тилдүү  класстар 38% камсыз болушту.

 

 2019-2020 окуу жылындагы № 80 орто мектебинин китепканасынын отчету 2019-2020 окуу жылында мектептин окуу китептеринин саны 7100 экз. кыргыз класстар 80%  орус класстар 38% ыз окуу китептери менен камсыз болду. Сентябрь айында окуучуларга окуу китептери толук  таратылып берилди. Окуучулар менен окуу китептерин сактоо жөнүндө  аӊгемелешүү  болду. Октябрь 2020- жаны окуу жылына карата газета, журналдарга жазылуу иштери жүргүзүлдүү .   «Кутбилим» , «Кутбилим сабак» , «Кыргыз Туусу», «Вестник»журналына жазылуу болду. РЦОго Д-10 отчет тапшырылды.  5-6 класстарга окуу китептери “Жаӊы китеп” программасы менен таратылып отчеттор тиешелүү жерлерге тапшырылды.

  • Ноябрь айында окуучулар менен адабияттар боюнча 5-6- класстар арасында аӊгеме өткөрүлдү,
  • Кл.жетекчилер жана адабиятчылар менен бирдикте. Окуучулар кызыгып катышышты. «Китеп жумалыгы» деген темада.
  • Декабрь көркөм  окууга 5-класстар арасында конкурс болду. Окуучулар кызыгып катышты. Ч.Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө  карата  8-11 класстар менен кече өтүлдү.
  • Адабиятчылар класс жетекчилер менен бирдикте, жогорку денгээлде өттү. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү  жылын жыйынтыктоо болуп өттү. Китепканада бурч уюштурулган.
  • Январь айында мектептин 1-11 класска чейин окуу китептери “Жаӊы китеп” сайтына толук кошулду.
  • Февраль айында окуу китептеринин сакталышы начар классттардын класс жетекчилери менен аӊгемелешүү өткөрүлдү. Окуучулар менен өздөрү  окуган көркөм  адабияттарын айтып беришти. Балдар кызыгуу менен катышышты.
  • Март айында “Китепти кандай окуу керек”  деген темада 7-класстардын окуучулары менен аӊгемелешүү  өткөрүлдү. Окуучулар кызыгуу менен катышып өздөрү окуган китептерин айтып беришти. “Балдар китептери” жумалыгы өткөрүлдү.  1-4 класстар арасында.
  • 23- апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү болуп өттү.
  • К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасына экскурсияга  бардык.
  • Май айында көркөм адабияттар жана окуу китептери тапшырып, өткөрүлдү.