СОШ №80 Средняя общеобразовательная школа №80 имени Шералы Назаркулова

О нас

№80 Шералы Назаркулов атындагы жалпы орто билим берүү  мектеби

№80 Ш. Назаркулов атындагы  жалпы орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Жал кичи районунда  1997-жылы башталгыч мектеп катары ачылган. Мектеп алгач 80 окуучуга ылайыкталган. Факт жүзүндө 1-класстан 4-класска чейин 400 окуучу окуп баштаган.  2002-жылы  мектеп орто мектеп статусуна ээ болуп 754 орунга ылайыкташылган жаны мектептин имараты курулуп бүтүп эксплуатацияга берилген.  Мектепте 35 орунга ылайыкталган ашкана(буфет), 1 спорт залы, 1 спорт аянтчасы, 1 акт зал (135 орунга ылайык) жана 33 окуу кабинеттери бар. Мектептин имараты типтүү жана электр жылытуу системасы менен иштейт. Азыркы учурда мектепте 1 класстан 11-класска чейин  870 окуучу бар. Окутуу 2 сменада жүргүзүлѳт. 2021-2022-окуу жылында 36 класс комплекттелип  окуп жатат.

Мектеп  жетекчисиШукуралиева Салтанат Калыбековна

Мектептин юридикалык күбөлүгү: рег номер 199-43-3301-У-е, ОКПО 20901538, ИНН 40805200310467, серия ГПЮ №0006365

№80 жалпы билим берүү орто мектебинин буга чейинки аккредитациясы жөнүндө маалыматСертификат №СС180003822, “Бишкек шаарынын Ленин районунун №80 Шералы Назаркулов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби” мекемеси тиркемеде көрсөтүлгөн программа (программалар) боюнча аккредитациядан өткөндүгүн тастыктайт. Сертификаттын мөөнөтү 09.01.2023-ж. Негизи: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жанга илим министрлигинин 2018-жылдын 9-январындагы №13/1 буйругу.

  • Юридикалык  дареги: Бишкек шаары, Жал к\р 8
  • тел. номерлери: 25-29-61, 25-32-82
  • сайты: https://80.edubish.kg
  • электрондук почтасы: [email protected]